Бишкекте FIFA 2026 дүйнө чемпионатынын финалы чоң экрандан көрсөтүлөт

Бишкекте FIFA 2026 дүйнө чемпионатынын финалы чоң экрандан көрсөтүлөт

2026-жылдын 19-июлунда саат 21:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши чоң LED-экран аркылуу түз көрсөтүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен «Шоро» компаниясы уюштурган Legend Fan Festival фан-зонасынын расмий ачылышынын алкагында өтөт.

Финалдык оюн башталганга чейин шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулат. Анда Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер өнөр көрсөтүшөт. Ошондой эле интерактивдүү аянтчалар, сынактар, белектердин ойнотулушу жана фуд-корт иштейт.

Иш-чарага байланыштуу саат 19:00дөн тартып Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун дүйнө чемпионатынын финалын бирге көрүүгө чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media