Кыргызстанда экологиялык прокуратура иштеп жатат

Кыргызстанда экологиялык прокуратура иштеп жатат

Кыргызстанда Президенттин демилгеси менен 2026-жылдын 26-июнунан тартып Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары ишин баштап, азыр тийиштүү багыттагы тапшырмалар аткарылып жатат. Бул тууралуу Бишкек экологиялык прокурору Кубанычбек Нуруллаев билдирди.

Адистин айтымында, Бишкек экологиялык прокуратурасы - Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын көзөмөлдөйт. Ал эми Ош экологиялык прокуратурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш алып барат. Экологиялык прокуратуранын негизги 3 милдети бар:

-        айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө;
-        экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу;
-        жарандардын экологиялык укуктарын коргоо.

Учурда Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын саркынды сууну тазалоочу курулмаларга туташкан же туташпаганадыгын текшерүү иштери жүрүп жатат.

Прокурордун маалыматына ылайык, азыр Ысык-көл областынын аймагында жалпы 1267 обьект болсо, ошонун (20%ы) 251 объектиси саркынды сууларды тазалоочу система менен камсыз болгон. 5 объект борборлоштурулган саркынды сууларды тазалоо түйүнүнө кошулган, ал эми калганы кадимки септик менен гана камсыздалышкан. Бул албетте, саркынды суунун кумга сиңип, жер астындагы суулар аркылуу Ысык көлгө агып келишине шарт түзүшү мүмкүн. Ошондуктан бул мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тийиштүү органдарга сунуштар берилип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media