Коомдук транспорттун кезектеги айдоочусу накталай төлөм алганы үчүн ишинен ажырады

Коомдук транспорттун кезектеги айдоочусу накталай төлөм алганы үчүн ишинен ажырады

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык коомдук транспорттордо кезектеги рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

 Билдирүүгө караганда, иш-чаранын негизги максаты – жүргүнчүлөргө көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын көзөмөлдөө, жол кире төлөө тартибинин сакталышын текшерүү жана айдоочулардын кызматтык милдеттерин так аткаруусун камсыздоо болуп саналат.

Текшерүүнүн негизинде, айрым мыйзам бузуулар байкалган. Тагыраагы, автобустардын биринде айдоочу жүргүнчүлөрдөн жол кирени накталай түрдө кабыл алып жаткандыгы аныкталып, бул факты боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, ишкананын ички талаптарына ылайык айдоочу ээлеген кызматынан бошотулду.

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы коомдук транспортто ачык-айкындуулукту жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу боюнча иштерди уланта берээрин билдирди.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып муниципалдык автобустарда жол кире накталай эмес, электрондук түрдө «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөм жүргүзүү эрежеси киргизилген. Ошондой эле эрежеге баш ийбей, жол кирени төлөбөгөн же төлөгөнүн тастыктаган талону жок жүргүнчүлөргө - 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул салынаары маалымдалган.

Ал ортодо коомчулукта накталай жол кире төлөй албай, кыйынчылыкка учурага жарандар социалдык тармак аркылуу нааразылыктарын билдиришүүдө. Себеби, Мэриянын бул жаңы эрежеси Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-главасында көрсөтүлгөн – “улуттук валюта – Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ кабыл алынат” – деген талабына каршы келүүдө.  

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media