КРнын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар депортация болушат

КРнын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар депортация болушат

КРнын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда каралган тартипте өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМ эскертүү берди. Маалымтка ылайык, ар бир чет өлкөлүк жаран өлкөнүн мыйзамдарын, ошондой эле кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын жана каада-салттарын урматтоого милдеттүү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалымтына ылайык, өлкөнүн аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш.

Ал эми КРнын мыйзамдарын бузуу, жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга чейин алып келет. Себеби, жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо - коопсуздуктун, коомдук тартиптин жана өз ара урматтоонун негизи болуп саналат.


Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы чет элдиктердин абалы боюнча комментарий берип жатып, эмгек мигранттарына байланыштуу кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти деген пикирге кошулбастыгын билдирген. Айтымында мыйзамды бузган ар бир чет элдик жаранга карата чаралар көрүлүп жататат жана акыркы айларда эле өлкөдөн болжол менен 3000 адам депортацияланганын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media