Чек арада аткезчиликти уюштурган деп шектелген аскер кызматкери кармалды

Чек арада аткезчиликти уюштурган деп шектелген аскер кызматкери кармалды

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан - Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жүктөрдү үчүнчү өлкөлөргө аткезчилик жолу менен өткөрүүнү уюштуруу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, ошондой эле ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталды.

Башкы прокуратура берген маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Лейлек чек ара отрядынын штаб башчысы – аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, подполковник М.А. кармалып, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө маалыматы боюнча, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, жүктөрдү үчүнчү өлкөлөргө мыйзамсыз өткөрүүнү уюштурууга, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелүүдө.

Ошондой эле аскер прокуратурасы бул фактылар боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары жана атайын билдирүү мыйзамда белгиленген тартипте прокуратурага өз убагында берилбегенин билдирди.

Учурда чек ара кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактыларын жашыруу аракеттери болгон-болбогонун аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media