Президенттин сыймыгы сертификаты ЖРТда эң жогорку балл алган 54 окуучуга тапшырылды

Президенттин сыймыгы сертификаты  ЖРТда эң жогорку балл алган 54 окуучуга тапшырылды

2026-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) эң жогорку упай топтогон 54 мектеп бүтүрүүчүсү бүгүн “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаттарын алышты. Иш-чара "Ынтымак Ордо" мамлекеттик резиденциясында өтүп, сыйлыктарды Президенттин атынан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.

Иш-чарага алтын сертификаттын 54 ээси менен катар өлкөнүн аймактарынан ЖРТдан жогорку балл алган дагы 20 бүтүрүүчү катышты.

Президенттин куттуктоосунда алтын сертификат ээлери өлкөнүн интеллектуалдык сыймыгы экени белгиленип, алардын ийгилиги талыкпаган эмгектин, ата-энелердин колдоосунун жана мугалимдердин үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы экени айтылды.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев мамлекет билим берүү тармагын реформалоону улантып жатканын белгилеп, жаштарды кайсы кесипти тандабасын өз тармагынын мыкты адиси болуп, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды сактоого чакырды.

“Араңыздарда жаңы Кыргызстандын келечектеги куруучулары, ошондой эле көрүнүктүү ойчулдар жана лидерлер бар. Андыктан, мекениңиздерге кызмат кылуу жолунда кыялдануудан жана өзүңүздөргө эң дымактуу максаттарды коюудан коркпогула. Дүйнөнү өзгөртүү дал ушул сиздердин муунга буюрган", — деди Адылбек Касымалиев.

Иш-чаранын соңунда алтын сертификат ээлерине Президенттин атынан эстелик белектер тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу