Россиядагы өрттөн Кыргызстандын эки жараны жабыркаган

Россиядагы өрттөн Кыргызстандын эки жараны жабыркаган

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 18-июлда Москва облусунун Электросталь шаарында жана Тамбов облусунун Котовск шаарында болгон өрт кырсыктарынан жабыркаган кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактоону улантууда.

Элчиликтин маалыматына ылайык, 20-июлга карата Кыргызстандын эки жараны ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып, учурда Электросталь шаарындагы ооруканада дарыланып жатышат. Элчиликтин кызматкерлери жабыркагандардын жакындары менен жолугуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүштү.

Учурда каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары бар экендиги тууралуу расмий маалымат түшө элек.

Ошондой эле 18–19-июлда элчиликтин ишеним телефонуна жакындары менен байланыша албай жаткан жарандар боюнча кайрылуулар түшкөн. Кийинчерээк алар туугандары менен байланышкан.

Өрттөн кийин документтери жана жеке буюмдары жоголгон, бирок эвакуацияланып чыккан эки кыргызстандыкка Кыргызстанга кайтуу үчүн күбөлүк документтери таризделди.


Эске салсак, 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries логистикалык комплекстерине учкучсуз учуучудан сокку урулган. Анын кесепетинен Электростальда бир адам каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алса, Котовскто жети кызматкер каза болуп, дагы 24 адам жаракат алгандыгы маалымдалган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media