Баткенде чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткандарга 11 миң сом айып салынды

Баткенде чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткандарга 11 миң сом айып салынды

Баткен облусунун Кадамжай районунда чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы билдиргендей, мыйзам бузуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузгандарга ар бирине 11 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Министрлик жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз чогултуу жана пайдалануу мыйзам бузуу болуп саналарын, мындай аракеттер жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media
Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды. Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын

Ишкер Media
Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”

Ишкер Media
"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media