Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3 800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын 2 415и мамлекет тарабынан жер тилкеси берилип, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, коопсуз аймактан көчө элек. Эң кооптуу көрсөткүч Ош облусунда катталган. Бул аймакта жер көчкү коркунучу бар жерлерде 2 396 үй-бүлө жашайт. Алардын 1 миң 475и азыркыга чейин коопсуз жерге көчүп чыккан эмес.

ӨКМ белгилегендей, жер көчкүлөр негизинен жаз мезгилинде кардын эриши жана нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен активдешет. Бирок күзүндө да узакка созулган жаан-чачындан улам мындай коркунуч сакталып турат.

Ушундан улам, Министрлик жарандарды жер көчкү кооптуу аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга жана коопсуз жайларга өз убагында көчүүгө чакырды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат