Ысык-Көлдөн алты айда 50 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн алты айда 50 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

2026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, 2025-жылы бир жыл ичинде көлдөн 47,5 миң метр тор чыгарылса, быйыл 6 айда бул көрсөткүчтөн ашты.

Ошондой эле быйыл Ысык-Көлдө балыктардын көбөйүшү байкалып, алардын саны гана эмес, көлөмү да өскөнү белгиленди.

Мындан сырткары, жыл башынан бери көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган. Алардын арасында гантель, гиря, унаалардын дөңгөлөктөрү, амортизаторлор жана башка буюмдар бар.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын жери сатылбайт, инвесторлорго убактылуу гана пайдаланууга берилет

Кыргызстандын жери сатылбайт, инвесторлорго убактылуу гана пайдаланууга берилет

Акыркы кездерде коомчулукта жерди убактылуу  пайдаланууга берүү маселеси кызуу талкууну жаратып, түшүнбөстүктөр болгондугуна байланыштуу жакында эле Президент Садыр Жапаров жер маселеси боюнча түшүндүрмө берип, Кыргызстандын 1 см жери да башка мамлекетке сатылбай турганын билдирген. Президенттин айтымында, азыр инвестициялык долбоорлор үчүн пайдаланууга берилген жерлер өлкөнүн жалпы аймагынын 0,1%дан аз

Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде айрым азык-түлүктөр кымбаттады

Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде айрым азык-түлүктөр кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын жана коңшу Орусия менен Казакстанда азык-түлүктөрдүн бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүктөрдүн наркы өстү. Тактап айтканда, пияздын баасы 3,5%, сабиз 3%, тоок жумурткасы 2,7%, таңгакталган макарон азыктары 0,

Садыр Жапаров Беларустун тышкы иштер министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Беларустун тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы саясий диалогдун жогорку

Кантта мыйзам бузган муниципалдык ишканага айып салынды

Кантта мыйзам бузган муниципалдык ишканага айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Кант шаарындагы “Кант-Тазалык” муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын автотранспорттору атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузганы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 46 миң сом өлчөмүндө административдик