Суусамырдагы алтыганадан биожем өндүрүү пландалууда

Суусамырдагы алтыганадан биожем өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда алтыгана баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты – деградацияга учураган жайыт экосистемаларын калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку жылдары Суусамыр өрөөнүндө алтыгана деп аталган тикенектүү бадалдын өтө жыш өсүшү жайыттардын аянтын кыскартып, мал жаюуга ылайыктуу жерлердин тартыштыгын жараткан. Мурда жайыттардын жана малчылардын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары саналган бул бадалды эми пайдалуу ресурс катары колдонуу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө.

Бул багыттагы изилдөөлөрдү Борбор Азиянын айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору Кытай илимдер академиясынын окумуштуулары менен биргеликте жүргүзүүдө. Долбоордун алкагында алтыгананы кайра иштетүү аркылуу мал үчүн азыктуу биожем өндүрүүнүн технологиясы сыноодон өткөрүлүп жатат.

Учурда Суусамыр жайлоосунда алтыгана калың өскөн аянттын бир бөлүгүндө практикалык эксперимент жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилип, биожем даярдалууда. Адистер технологиянын жергиликтүү шарттардагы натыйжалуулугун, өндүрүлгөн биожемдин сапатын жана аны мал чарбачылыгында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашууда.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, 230 миң тоннага чейин жогорку сапаттагы алтыгана негизиндеги тоют чийки затын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул табигый түрдө өскөн бадалдарды пайдалуу тоют ресурсуна айландыруу аркылуу Суусамыр өрөөнүндөгү кышкы тоют тартыштыгын олуттуу азайтууга, жайыттардын экологиялык абалын жакшыртууга жана мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу