Чүй облусунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Чүй облусунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, долбоор аталган министрлик тарабынан ишке ашырылды. Аянты 8 миң чарчы метрден ашкан мектептин курулушу 2026-жылдын февралында башталган. Азыр ичинде тазалоо жана эмерек орнотуу иштери жүрүүдө.

Мектепте балдар үчүн бардык шарт түзүлгөн: эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары бар.

Бул - Кашка-Баш айылында 30 жылдан бери курулган алгачкы жаңы мектеп.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”

Ишкер Media
"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media
Бажы кызматы: Пара алуу, пара берүү, мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбейт

Бажы кызматы: Пара алуу, пара берүү, мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбейт

Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкери Ж. Баласагын атындагы КУУнин студенттерине “Ар кандай максаттуу топтордун арасында коррупцияга каршы тематика” - деген темада лекция өткөрдү. Иш-чара 2026-2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Бажы кызматынын маалыматына караганда, лекциянын жүрүшүндө студенттерге коррупциянын алдын алуу

Ишкер Media
Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды

Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды

2026-жылдын 21-сентябрында саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жол кырсыгынын

Ишкер Media