“Түндүк” аркылуу алдануудан, сак болуңуз!

“Түндүк” аркылуу алдануудан, сак болуңуз!

Алдамчылар жарандарды алдап, маалыматына жана акчасына ээ болуу үчүн мамлекеттик кызматтарга жана банктарга болгон ишенимди колдонуп жатканы белгилүү болду. ИИМдин Киберкоосуздук башкармалыгынын маалыматына ылайык, алар азыр “Түндүк” тиркемесинин атынан телефон чалуу ыкмасын пайдаланып жатышат.

Билдирүүгө ылайык, алгач шылуун тигил же бул мамлекеттик органдын же “Түндүк” тиркемесинин атынан чалып, тиркемени тез арада жаңыртуу же маалыматтарды ырастоо керектигин айтат.  Анан сүйлөшүү учурунда шилтеме жөнөтүп, аны менен өтүүгө ынандырат.

Андан кийин экинчи чалуу болуп, бул ирет банктын коопсуздук кызматы катары өздөрүн тааныштырышат. Ал “шектүү операция” тууралуу билдирип, каражаттарды коргоо үчүн акчаны “коопсуз эсепке” которуу же “Түндүк” тиркемеси аркылуу насыя алууга коюлган өзүн-өзү чектөөнү өчүрүп салуу керектигин ынандырат.

Ушуга байланыштуу тартип сакчылар - “коопсуз эсеп” деген болбостугун, банк жана мамлекеттик органдар тиркемелерди жаңыртуу үчүн шилтемелерди жөнөтүп, акча которууну, SMS-коддорду айтууну же коргоо функцияларын өчүрүүнү суранышпастыгын билдиришүүдө.

Эгерде ушундай телефон байланышуулар болсо:

  • Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда келген шилтемелерге өтпөңүз.
  • Тастыктоо коддорун айтпаңыз.
  • Насыяларга коюлган өзүн-өзү чектөөнү өчүрбөңүз.
  • Күмөн саноолор пайда болсо, сүйлөшүүнү аяктап, банкка же мамлекеттик органга расмий номер боюнча байланышыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media