Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФгы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо боюнча системалуу иштерди улантып, алардын Россиянын аймагындагы эмгек ишмердүүлүгүнө жана жүрүүсүнө байланышкан маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Министрликтин басма сөз кызматы, 2026-жылдын башынан бери өкулчүлүк тарабынан 194 жаранга мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп бергендигин жана анын жалпы суммасы 14 373 900 рублду түзгөндүгүн маалымдады.

Билдирүүгө караганда, Өкүлчүлүк өндүрүштө алган жаракаттын кесепетинен ден соолугуна зыян келтирилген Кыргызстандын үч жаранына иш берүүчүлөрдөн компенсация өндүрүп алууга көмөк көрсөткөн.  Бул төлөнгөн компенсациянын жалпы суммасы 4 550 000 рублду түзгөн.

КРнын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Өкүлчүлүк жыл башынан бери 397 жолу Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмдөрүнө, Москва шаарынын жана Москва облусунун миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүнө, ошондой эле райондор аралык прокуратураларына байланышка чыгышты. Бул иш-чаралар укуктук жана консультациялык жардамга муктаж болгон 843 КРнын жаранынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media