Жасалма интеллект кайсы кесиптерге болгон суроо-талапты азайтты?

Жасалма интеллект кайсы кесиптерге болгон суроо-талапты азайтты?

Жасалма интеллекттин өнүгүшү айрым кесиптерге болгон суроо-талапты азайтып жатат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткул Мукамбетова "АКИpress" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кесиптер толугу менен жоголбойт, бирок айрым кызматтар автоматташтырылууда.

Учурда маалыматтарды кол менен киргизүү боюнча адистерге, кассирлерге, колл-борборлордун операторлоруна, баштапкы деңгээлдеги бухгалтерлерге, жөнөкөй тексттерди которгон котормочуларга жана жөнөкөй контент даярдоочуларга, туристтик агенттерге, кампадагы айрым кызматкерлерге жана жөнөкөй операцияларды аткарган банк кызматкерлерине болгон суроо-талап төмөндөп баратканы белгиленди.

Ошол эле учурда адис жасалма интеллект адамдарды толугу менен алмаштырбай турганын белгилеп, чыгармачылыкты, аналитикалык ой жүгүртүүнү, адамдар менен түз иштөөнү жана татаал чечим кабыл алууну талап кылган кесиптерде адамдын ролу маанилүү бойдон каларын айтты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media