Поезддин терезелерин талкалагандар кармалды
Жүргүнчү ташуучу поезддин вагондорунун терезелерин талкалоого тиешеси бар адамдар аныкталды.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды.
Шектүү катары Новопокровка айылынын тургундары 2007-жылы туулган К.А., 2011-жылы туулган Ж.А. жана 2009-жылы туулган С.Б. кармалды.Үчөө тең вагондордун терезелерин таш менен урганын моюндарына алышкан.
Бул факт боюнча зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.