Тамчы–Чолпон-Ата жолу маал-маалы менен жабылат

Тамчы–Чолпон-Ата жолу маал-маалы менен жабылат

Бүгүнтөн баштап 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Мындай билдирүүнү Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык баракчасында жарыялады.

Анын айтымында ушул 2 күндүн ичинде Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келиши күтүлүп жатат.

“Мындан сырткары, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген. Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз”- деп билдирген, Аскат Алагөзов.

Президенттин өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, бул ишчара өлкөбүздүн тышкы алакаларын бекемдөө максатында жүргүзүлүп жатат жана коомго убактылуу гана ыңгайсыздыктарды алып келет.   

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлер салык режимин 15 күндүн ичинде өзгөртө алышат

Ишкерлер салык режимин 15 күндүн ичинде өзгөртө алышат

Ишкердикти мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө тандалган салык режими ылайыксыз болуп калса, аны 15 календардык күндүн ичинде өзгөртүүгө мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишкер бизнесин мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө салык режимин өз алдынча тандайт. Эгер тандалган салык режими ишкердин ишмердүүлүгүнө ылайык келбей калса, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 15

Шайлоодо үгүтчүлөрдүн саны азаят

Шайлоодо үгүтчүлөрдүн саны азаят

Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгүндө расмий үгүтчүлөрдүн санына чектөө киргизилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, эми талапкер же саясий партия ар бир шайлоо тилкеси үчүн үчтөн ашык эмес расмий үгүтчү менен келишим түзө алат. Бул талап акы төлөнүүчү үгүт жүргүзгөн жарандарга гана тиешелүү. Жаңы норма

Бишкектеги №28 мектепте мыйзам бузуулар аныкталып, директор кызматтан алынды

Бишкектеги №28 мектепте мыйзам бузуулар аныкталып, директор кызматтан алынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ленин районундагы №28 мектеп-комплексинде билим берүү жана финансылык мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар аныкталды. Прокуратуранын маалыматына ылайык, айрым педагогикалык кызматкерлердин билими ээлеген кызмат ордуна жана окуткан сабагына шайкеш келбегени белгилүү болгон. Ошондой эле мектеп директорунун орун басарынын педагогикалык билими жок экени

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Президенттик админстрациянын маалыматына ылайык,  иш сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда. Жолугушунун жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюу мерчемделген. Өзбекстандын президентинин алдыдагы