2025-жылы миграцияга кеткендерге караганда, кайтып келгендер көп болгон

2025-жылы миграцияга кеткендерге караганда, кайтып келгендер көп болгон

Кыргызстанда 2025-жылы тышкы миграциянын оң көрсөткүчү катталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөгө туруктуу жашоого кайтып келгендердин саны чет өлкөгө кеткендерден кыйла көп болгон.

Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туруктуу калкы 7 млн 404,3 миң адамды түзгөн. Ал эми тышкы миграцияга чыгып кеткендердин жалпы саны - 15 426 адамды түзгөн. Алардын 13 906сы КМШ өлкөлөрүнө (Россияга -12 490) чыгып кетишкен.

Ал эми 2025-жылы өлкөгө кайтып келгендердин саны - 17 965 адамды түзүп, алардын 16 234ү КМШ өлкөлөрүнөн (Россиядан -14 422) кайтып келишкен. Натыйжада 2025-жылы миграциянын сальдосу 2 539 адамды түзгөн. Башкача айтканда, өлкөгө келгендер кеткендерден - 2,5 миңден ашык адамга көп болгон.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясы миграциянын негизги багыты бойдон калууда. Чет өлкөгө кеткендердин да, Кыргызстанга кайтып келгендердин да басымдуу бөлүгү дал ушул өлкөгө туура келүүдө.

Калктын миграциясынын эң жогорку оң сальдосу Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалган, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда катталган.

2025-ж. калктын тышкы миграциясы:

Өлкөлөр

келгендер

кеткендер

Баардыгы

17 965

2 539

Россия

14 422

1 932

Казакстан

593

320

КМШдан тышкары

1 731

211

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media