Бишкектеги 3-7-кичирайондордо суу убактылуу өчүрүлөт
4-августта саат 09:30дан тартып 5-август саат 02:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы башка объектилерге ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, суу 3-7-кичи райондордо өчүрүлөт.
Ичүүчү суунун убактылуу өчүрүлүшү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, ошондой эле мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.