Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өткөрмө бекеттеринин саны көбөйтүлөт
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттеринин саны 15тен 30га чейин көбөйөт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, жаңы чечим жарандардын чек арадан ыңгайлуу өтүүсүн жеңилдетип, эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.