Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 15 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 15 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн жарандары үчүн чек арадан өткөндөн кийин каттоого туруу талаптарын жеңилдетүү боюнча макулдашты.

Тиешелүү протокол Ысык-Көлдө Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Жаңы тартипке ылайык, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка өлкөнүн аймагына кирген күндөн тартып 15 күндүн ичинде туруктуу же убактылуу каттоодон өтүү милдетинен бошотулат.

Буга чейин Кыргызстандан Өзбекстанга барып 3 күндөн кийин, ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга кирип 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук "Манас" театрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлүп, тандоо айтышы саат 10:00дө башталат. Аталган турга республикалык

Садыр Жапаров Гейдар Алиев ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Гейдар Алиев ордени менен сыйланды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Президент Садыр Жапаровго өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде Илхам Алиев Садыр Жапаровдун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп, Кыргызстан менен Азербайжандын мамилеси акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын айтты. Ал Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп, экономикасы жана социалдык тармагы өнүгүп жатканын

2025-жылы миграцияга кеткендерге караганда, кайтып келгендер көп болгон

2025-жылы миграцияга кеткендерге караганда, кайтып келгендер көп болгон

Кыргызстанда 2025-жылы тышкы миграциянын оң көрсөткүчү катталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөгө туруктуу жашоого кайтып келгендердин саны чет өлкөгө кеткендерден кыйла көп болгон. Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туруктуу калкы 7 млн 404,3 миң адамды түзгөн. Ал эми тышкы миграцияга чыгып кеткендердин жалпы саны - 15

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында 31-июлда, транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына маалымдалды. Маалыматка таянсак, мамлекет башчылар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы