Президенттердин катышуусунда эл аралык деңгээлдеги гольф клуб ачылды

Президенттердин катышуусунда эл аралык деңгээлдеги гольф клуб ачылды

30-июлда, Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Кыргызстандын лидери өз сөзүндө спорт улуттун саламаттыгынын, ошондой эле мамлекеттин интеллектуалдык жана маданий өнүгүүсүнүн деңгээлин аныктаган эң маанилүү тармактардын бири экенин белгиледи. Ошондуктан Кыргызстанда спорттук инфратүзүмдү жандандырууга, кеңейтүүгө, эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы объектилерди курууга жана эң башкысы калктын бардык катмары үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн өзгөчө көңүл бурулуп келет.

“Өлкөбүздүн спорттук жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү дагы бир орчундуу кадам катары касиеттүү көл кылаасында эл аралык талаптарга жооп берген заманбап гольф-клубдун ачылышы туруктуу өнүгүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын үзүрү болуп саналат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Ал өлкөбүздүн ажайып кооз жаратылышы, өзгөчө кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү мындай долбоорлорду ишке ашырууга бардык шарттарды түзөрүн айтты.

Ал өз сөзүндө мамлекет мындан ары да спорт тармагын өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфраструктураны түзүү жана Кыргызстандын дүйнөлүк спорттук мейкиндиктеги ордун чыңдоо боюнча ишти ырааттуу улантарын белгиледи.

Салтанаттын соңунда мамлекет башчылары алгачкы символикалык сокку жасап, гольф-резортту расмий ачышты.

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media