Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу бир катар объектилер оңдоп-түзөлүүдө

Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу бир катар объектилер оңдоп-түзөлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шанхай кызматташтык уюмунун боло турган саммитине калаанын даярдыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эл аралык иш-чарага даярдык көрүүнүн алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жашылдандыруу жана коомдук жайларды жаңылоо боюнча бир катар жумуштар аткарылууда.

“Манас” эл аралык аба майданынын аймагында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан узундугу 1,5 чакырым болгон альтернативдүү жол салынып, ошондой эле 600гө жакын унаа токтотуучу кошумча орундар уюштурулду.

Манас проспекти боюнча айланма жолду уюштуруу иштери улантылууда. Бул жерде ошондой эле илбирс эстелигин орнотуу пландалууда.

“Манас” эл аралык аба майданынын “Аска-Таш” комплексине чейинки тилкеде сырткы жарыктандыруу иштери аяктады. Бардыгы болуп 840 жарыктандыруу мамысы орнотулду.

Даярдыктын алкагында Манас көчөсү – Түндүк айланма жол жана Манас – Дача-Суу унаа жолдорунун кесилишиндеги эки жол өтмөгү оңдолду.

Ошондой эле Абдрахманов – Лев Толстой жана Манас проспекти – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат.

Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы фонтан куруу, ошондой эле Абдрахманов жана Москова көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Алтын балыктар” фонтанын оңдоо иштери улантылууда.

Мындан тышкары, Манас көчөсү боюнча жалпы узундугу 23 чакырымга жакын жолдун асфальт төшөлмөсү жаңыртылууда.

Ошондой эле жалпы аянты 15 миң чарчы метр болгон газон төшөө каралган жаңы сейил бактын курулушу жүрүп жатат.

Мэр саммитке даярдык көрүүнүн алкагында калаада сырткы жарыктандыруу тутумдары, имараттардын фасады, аялдама комплекстери, жол инфраструктурасы жана жашыл аймактар жаңыртылып жатканын белгиледи.

​

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media