Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аркасы буздурулууда
Бишкекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Тыналиев көчөсүндөгү арканы бузуу иштери башталды.
Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрдөн жумушчулардын курулушту бузуп жатканын көрүүгө болот.
Бишкек шаардык мэриясы бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Эске салсак, 11-июнда борбор калаада Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Тыналиев көчөсүн жана андан ары Курчатов көчөсүн бириктире турган Миңжылкыев көчөсүнүн курулушу башталган.