Бишкекте этти 680 сомдон саткан көчмө соода унаалары иштеп жатат

Бишкекте этти 680 сомдон саткан көчмө соода унаалары иштеп жатат

Бишкек шаарында калк үчүн жеткиликтүү баада эт саткан фудтрактар ишин улантууда. Аларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Кыргыз Агрохолдинг" ААК уюштурган.

Министрликтин маалыматына ылайык, көчмө соода унааларында эттин килограммы 680 сомдон сатылууда. Алар шаардагы бир нече аймактарда жайгашкан.

Учурда эт саткан жайлар төмөнкү даректерде иш алып барууда:

- Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1;
- Көк-Жар кичи району, 3/1;
- 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши;
- Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;
- Тунгуч кичи району ("Глобус" гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Ортосай базары;
- Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши;
- Ленин көчөсү, 135;
- Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү;
- Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай соода түйүндөрү шаар тургундарын сапаттуу эт азыктары менен камсыз кылуу жана бааларды жеткиликтүү деңгээлде кармоо максатында ишке киргизилген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media