Каракол токой чарбасында мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Каракол токой чарбасында мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Каракол токой чарбасында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылардын келишимдик талаптарды аткарбагандыгы аныкталып, административдик протокол түзүлдү. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, токойду коргоо жана жакшыртуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Каракол токой чарбасынын үч кызматкерине карата административдик чаралар көрүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды. Жалпы айып пулдардын суммасы 62 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, Жергез токой чарбасындаТянь-Шань карагайынын 42 мыйзамсыз кыйылган дүмүрү аныкталды. Анын ичинен 14 өсүп турган карагайлар, ал эми 28 даанасы шамалдан кулаган карагайлар мыйзамсыз кыйылганы белгилүү болду. Өсүмдүктөргө келтирилген зыяндын көлөмү 83 миң 262 сом түзүп, мыйзамсыз ташылып кеткен жыгачтын жалпы көлөмү 18,02 куб метрди түздү.

Учурда чогултулган бардык материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарындагы айланма жолго тосмолор орнотулду

Балыкчы шаарындагы айланма жолго тосмолор орнотулду

Балыкчы шаарындагы негизги айланма жолго заманбап металл барьердик тосмолор орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер шаар мэри Баатырбек Жантаевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн. Белгиленгендей, жаңы тосмолор унаалардын жолдон чыгып кетүүсүнүн жана жол кырсыктарынын алдын алууга, түнкү убакта жана аба ырайынын начар шарттарында кыймылдын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле

Бишкекте дизайн-код ишкерлерге акысыз берилет

Бишкекте дизайн-код ишкерлерге акысыз берилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитет тарабынан бекитилген дизайн-код жарандарга жана ишкерлерге акысыз берилиши керектигин билдирип, бул боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Анын айтымында, дизайн-код борбор калаанын бирдиктүү архитектуралык көрүнүшүн калыптандыруу максатында мэриянын демилгеси менен иштелип чыккан. Бирок учурда аны алуу үчүн жарандардан акча талап кылынганы боюнча кайрылуулар

Өкмөттө күйүүчү майдын кору жана камсыздоо маселеси каралды

Өкмөттө күйүүчү майдын кору жана камсыздоо маселеси каралды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, кампалардагы күйүүчү майдын запастары жана өлкөнү мунай продуктулары менен камсыздоо боюнча

Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Маалыматка ылайык, айып пул мыйзам талаптары менен Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу колдонулган. Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын Улуттук