Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров "Маркумду узатуу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду.

Эми крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, медициналык мекемелерде пайда болгон биологиялык калдыктарды (органдар жана ткандар) санитардык талаптарга ылайык жок кылуу үчүн гана колдонулат.

Крематорийлер республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле жеке ишканалардын каражатына курулушу мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, маркумдардын сөөгүн, ошондой эле бойдон алдырылган жана өлүк төрөлгөн түйүлдүктөрдү кремациялоого тыюу салынат. 
Ошондой эле мыйзамдан кремация, күл салынган урналар жана колумбарийлер тууралуу жоболор алынып салынды.

Мындан ары өздүгү аныкталбаган жана ээси табылбаган сөөктөр көрүстөндөгү жерге гана көмүлөт. Буга чейин мындай учурларда сөөктүү өрттөөгө түздөн-түз тыюу салынган эмес болчу. 

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу