Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды. Ошондой эле, компания жетекчилери өздөрүнүн кампаларындагы мунай продуктуларынын коруктарынын өлчөмү жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. 

Талкуунун соңунда МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо максатында мамлекеттик субсидия убагында берилип жатканын, ошол себептүү компаниялардын аймактардагы бардык май куюучу жайлары толук кандуу иштеп, эч кандай чектөөлөр болбошу керектигин билдирди.

Аны менен катар мунай продуктуларын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү жана алардын аткарылышын ыкчамдатуу, абалга байланыштуу аткарылып жаткан жалпы иштерди жана мониторингди күчөтүү сыяктуу бир катар протоколдук тапшырмалар тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол