Садыр Жапаров геологиялык парктар тууралуу мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров геологиялык парктар тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мыйзам өлкөдө геопарктардын улуттук тармагын түзүүгө, уникалдуу геологиялык объекттерди сактоого жана туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Документ геопарктарды түзүүнүн, алардын иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун укуктук негиздерин аныктайт. 
Ошондой эле мындай аймактарды пайдалануу жана коргоо тартиби белгиленет.

Мыйзамга ылайык, геопарк түзүү тууралуу сунуштарды мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий мекемелер жана коомдук уюмдар тиешелүү илимий негиздеменин негизинде бере алышат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Таласта мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна унга бөгөт коюлду

Таласта мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна унга бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден "Чоң-Капка" өткөрмө пункту аркылуу эсепке алынбаган унду мыйзамсыз ташып келүү аракетин аныкташты. Маалыматка ылайык, төрт жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөм менен иш жүзүндө ташылып келген ундун көлөмү дал

Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кызматтан алды

Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кызматтан алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстандагы Украинанын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенкону кызматынан бошотту. Маалыматка ылайык, Валерий Жовтенко Украинадагы президент Петр Порошенко башкарып турган маалда, 2018-жылы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалган. Буга чейин ал 2011–2015-жылдары Украинанын Литвадагы элчиси кызматын аркалаган. Ал Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш башталгандан

Нарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Нарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Нарын шаарында өзүм билемдик менен ээлеп алган 3 440,77 чарчы метр жер баштапкы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, жерлерди баштапкы калыбына келтирүү иштери президенттин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы алкагында ишке ашууда.  Бул

DemirBank'тан "Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда" Супер Акциясы!

DemirBank'тан "Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда" Супер Акциясы!

Кыргызстанда алгачкы жолу мобилдик тиркемеде онлайн-насыя боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. DemirBank "Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда" аттуу жаңы акциясын тартуулайт. Бул кардарларга онлайн-насыя тариздөөдө каалаган пайыздык ченди өз алдынча аныктоого алгачкы жолу жол ачкан уникалдуу сунуш болуп саналат. Эми кардар