Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

5-августта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров сел жургөн Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылына барып, абал менен жеринде таанышып, селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана тургундарга көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, учурда жеринде 12 куткаруучу, атайын техника жана жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 5-августта таңга маал катуу жаандан улам сел жүрүп, Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында 18 турак жайдын короосун суу каптап кеткен.


Мындан тышкары окуңуз

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары мандаттарын тапшырышты

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары мандаттарын тапшырышты

5-августта Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимди бекитти. БШКнын маалыматына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары өз арыздарынын негизинде токтотулган. Чечим Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде кабыл алынды. Мандатын тапшыргандар: - Бишкек

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек – Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы, калктуу конуштардын жерлерине таандык 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы

Кара-Сууда 60 млн сомго курулган бала бакча жакында ачылат

Кара-Сууда 60 млн сомго курулган бала бакча жакында ачылат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 60 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган. Учурда

Бишкек мэри алты айда 600дөн ашык тургунду жеке кабыл алды

Бишкек мэри алты айда 600дөн ашык тургунду жеке кабыл алды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын башынан бери борбор калаанын 600дөн ашык тургунун жеке кабыл алды. Кабыл алуулар шаар тургундарынын көйгөйлөрүн жеринде угуп, аларды ыкчам чечүүгө багытталган. Мэриянын маалыматына ылайык, жарандар негизинен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, аймактарды көрктөндүрүү, коммуналдык чарба, жолдорду оңдоо жана куруу, коомдук транспорт жана башка шаардык маанидеги