Чолпон-Атада конок үйү саркынды сууну талаага агызып жатканы аныкталды
Чолпон-Ата шаарынын Бостери аймагында жайгашкан "Парадайс" конок үйүнүн аймагында текшерүү жүргүзүлүп, экологиялык талаптардын бузулганы аныкталды.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө тазалоочу курулмадан чыккан саркынды суулар атайын белгиленген жайга эмес, ачык талаага агызылып жатканы белгилүү болгон.
Ошондой эле таштандыларды жайгаштыруу боюнча да экологиялык талаптар сакталбаганы аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзамга ылайык айып пулдар салынууда.
Чолпон-Ата мэриясы туристтик объектилерди экологиялык талаптарды так сактоого чакырып, шаардагы санитардык-экологиялык абалды көзөмөлдөө боюнча текшерүүлөр мындан ары да улантыларын билдирди.


