Экологиялык талаптарды бузган полигонго 23 миң сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды бузган полигонго 23 миң сом айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайда өрт чыккандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында таштанды полигонун эксплуатациялоодо экологиялык талаптардын сакталбаганы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык полигонду иштеткен жооптуу жакка 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле таштанды таштоочу жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнү маалымдалды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

"Ала-Тоо Резорт" ири долбоорунун экономикалык пайдасы кандай?

Кыргызстан - Болгария түз аба каттамдарын ачуу боюнча талкууланды

Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника алынды

“Көмүр жагуудан кутулдук”: мамлекеттик жеңилдетилген насыяга жылуулук насосун орноткон үй-бүлөнүн тажрыйбасы