Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат
Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Маалыматта аталган аралыктын 3699-чакырымда жайгашкан кайтарылбаган темир жол өтмөгүндө жол оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү. Буга байланыштуу 26-ноябрда саат 08:00дөн 18:00гө чейин өтмөк аркылуу унаалардын жүрүүсү убактылуу токтотулат.
Мекеме бирок альтернативдик жол болорун белгиледи. Айланып өтүүчү жолдор төмөнкү багыттар аркылуу уюштурулат:
- Кайыңды шаары, Трудовая көчөсү, 3703-чакырым;
- Чалдовар айылы, Биринчи Май көчөсү, 3691-чакырым.
Мамлекеттик ишкана андыктан айдоочулардан жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну өтүнөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу