"Номериңиз бөгөттөлөт": шылуундар жаңы ыкманы колдонууда
Талас облустук ички иштер башкармалыгы жарандарга кибер алдамчылыктын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти.
Маалыматка ылайык, алдамчылар өздөрүн байланыш операторунун кызматкерлери катары тааныштырып, телефон номериңизде көйгөй жаралганын айтып чалышат.
Алар “SIM-картаңыздын мөөнөтү бүтөт”, “номериңиз бөгөттөлөт” же “SIM-картаны алмаштыруу керек” деген шылтоолорду колдонушат.
Андан кийин алдамчылар SIM-картаны жаңыртуу же бөгөттөн чыгаруу үчүн SMS аркылуу келген тастыктоо кодун сурашат. Бирок бул код чындыгында аккаунттарга же каржылык операцияларга кирүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Таластын милициясы жарандарга билдирүүгө келген коддорду, банктык карта маалыматтарын, сыр сөздөрдү жана жеке маалыматтарды эч кимге бербөөгө чакырды.