Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Борбор калаадагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иштерин ӨКМдин кызматкерлери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү аткарып жатышат.

Эске салсак, 2-августта жааган нөшөрлүү жаандан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.

Учурда кырдаал көзөмөлдө болуп, дарыя жээгин бекемдөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп,

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

“Бишкекгаз” кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 5-августтан 7-августка чейин айрым райондордо жаратылыш газы берилбей турганын маалымдады. Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат: Лермонтов көчөсү, темир жол, Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, ЧЧК, “Энергетиктер шаарчасы”, “Аламүдүн-1” кичирайону,

Таластык ишкер тоок чарбасын кеңейтип, 500 жумуш ордун түзүүнү көздөйт

Таластык ишкер тоок чарбасын кеңейтип, 500 жумуш ордун түзүүнү көздөйт

Манас районунда жашаган Рахматжан Сатыбалдиев эт багытындагы тоок чарбасын өнүктүрүп жатат. Учурда ишкер 5 миңден ашуун жөжө багууда. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал чарбасын кеңейтүү максатында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жер алуу боюнча кайрылган. Учурда маселени чечүү боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Ишкердин айтымында, жер маселеси чечилсе,

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулу 191 796 балага берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык