Баткендеги бир катар көпүрөлөр оңдолот
Баткен шаарындагы Курук-Сайдагы көпүрөлөр оңдолот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин Баткен шаарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен өткөн жолугушууда айтылды.
Маалыматка ылайык, жолугушууда шаардагы сел коркунучу бар аймактардын учурдагы абалы талкууланып, өзгөчө сел өтүүчү Курук-Сайдагы көпүрөлөрдүн техникалык абалына көңүл бурулду.
Учурдагы көпүрөлөр кеңейтилип, заманбап инженердик талаптарга ылайык оңдоо чечими кабыл алынды.
Долбоор ишке ашырылгандан кийин сел жүргөн учурларда суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтууга жана шаар тургундарынын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзүлөт.