Бишкектеги бир катар объектилер текшерилди

Бишкектеги бир катар объектилер текшерилди

5-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы билим берүү мекемелерин жана жол-транспорт инфраструктурасынын объектилерин кыдыруу аркылуу алардын курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкы текшерилген объект №57 жалпы орто билим берүү мектеби болду. Бул жерде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда бузуу иштери толугу менен аяктап, чатырын жабуу, ички дубалдарды шыбоо жана фасаддын темир каркасын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Шаар башчысы курулуш иштерин жүргүзүүдө балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу эң башкы орунда турушу керектигин белгилеп, мектептин учурдагы тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну тапшырды.

Экинчи объект катары Жаш Гвардия бульвары менен Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук түйүндүн жана көпүрөнүн курулушу каралды. Азыркы учурда подрядчы уюм келечектеги транспорттук түйүндүн тирөөчтөрүн куруу иштерин аткарууда.

Мэр жээкти бекемдөө иштери менен катар дарыя боюнда шаар тургундары үчүн сейилдөө жана эс алуу аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле подрядчы уюмга кошумча жумушчу күчтөрдү тартуу жана курулуштун темпин тездетүү, ал эми райондук администрациянын башчысына иштердин жүрүшүн туруктуу көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Үчүнчү объект болуп №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу текшерилди. Бул жерде темир-бетон каркасы тургузулуп, дубалдары кыш менен тургузулуп, электр монтаждоо иштери аяктаган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери уланууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар башчысы бала бакчанын тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну, имараттын чатырын жаңылоо маселесин иштеп чыгууну жана курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media