Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат
Ош шаарындагы Кең-Кол тилкесинде жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада сертификат берүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери чыгарылып жаткан өндүрүмдүн сапатына баа беришти.
Иштин жүрүшүндө лабораториялык сыноолор үчүн шагыл жана кумдан үлгүлөр алынды. Алардын белгиленген талаптарга жана ченемдик документтерге шайкештиги текшерилет.
Белгиленгендей, сыноолордун жыйынтыгына берилген баанын негизинде шайкештик сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алынат.