Соттук-генетикалык экспертиза боюнча адистер биринчи жолу сертификацияланды

Соттук-генетикалык экспертиза боюнча адистер биринчи жолу сертификацияланды

Кыргызстанда соттук эксперттерди "Адамдын ткандарынын жана бөлүнүп чыккан заттарынын молекулярдык-генетикалык изилдөөсү жана биологиялык туугандыкты аныктоо" багыты боюнча алгачкы жолу сертификациялоо өткөрүлдү.

Соттук-эксперттик кызматынын маалыматына ылайык, сертификацияга Соттук-эксперттик кызматтын, ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын жана УКМКнын эксперттери катышты.

Алар бир айлык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, соттук молекулярдык генетиканын заманбап ыкмаларын, ДНК-изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү.

Окуу ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын ДНК-лабораториясынын базасында өткөрүлүп, ага Орусиянын ИИМинин Эксперттик-криминалистикалык борборунун адистери да келишти.

Курстун жыйынтыгында квалификациялык сынактар өткөрүлүп, аны ийгиликтүү тапшырган эксперттерге компетенттүүлүк күбөлүктөрү берилди.

Соттук молекулярдык-генетикалык экспертиза боюнча адистерди даярдоо соттук изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана бул багыттагы эксперттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жаңы концепция боюнча Каракол айыл аймагы пилоттук режимде сыналышы мүмкүн

Түрк мамлекеттери бажы жана соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулады

"Макмал Голд Компани" ЖЧКсы 9 айда 3 млрд сом киреше тапты

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 900 млн долларга чейин каражат тартылат

Чет өлкөлөрдө 837,8 миң кыргызстандык мигрант бар