Балыкчыда жолдун ортосуна бетон төгүп кеткен факт боюнча чара көрүлдү
Балыкчы шаарынын Нарын шоссесинде "Дили" ЖЧКсына таандык бетон ташыган жүк ташуучу унаа 6-августта жолдун ортосуна бетон төгүп кеткен. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуядан кийин шаар мэриясы тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери төгүлгөн бетонду толугу менен тазалашты.
Аталган мыйзам бузуу боюнча "Дили" ЖЧКсына Укук бузуулар жөнүндө кодексттин "Автоунаа жолдорун булгоо" жана "Калктуу конуштарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуу" беренелери боюнча тийиштүү акт түзүлүп, айып пул салынды.
Балыкчы шаарынын мэриясы жарандарды жана ишкерлерди шаардагы жолдорду таза сактоого чакырып, мыйзам бузууларга карата чаралар көрүлөрүн эскертти.
с