Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат
12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.