Бишкектин кире беришине ак илбирстин айкели орнотулат

Бишкектин кире беришине ак илбирстин айкели орнотулат

Бишкектин кире беришине беришинде жаңы архитектуралык стеланын курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, стеланын негизги композициялык өзөгүн Кыргызстандын тоо чокуларын символдоштурган монументалдык архитектуралык форма түзөт. Анын чокусуна өлкөнүн улуттук символдорунун бири болгон ак илбирстин айкели орнотулат.

Стеланын бийиктиги болжол менен 10 метрди түзөт. Ал эми ак илбирстин айкелинин узундугу болжол менен 3,5 метр, бийиктиги 3 метр болот. Көрктөндүрүлүүчү аймактын жалпы аянты 794,08 чарчы метрди түзөт.

Учурда стеланын темир-бетон конструкциясын куруу иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта ак илбирстин айкелин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Айкел орнотулгандан кийин стеланын сырткы бөлүгү гранит плиталары менен капталып, андан соң аймакты көрктөндүрүү жана архитектуралык жарыктандыруу иштерин бүтүрүү пландаштырылууда.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат