Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды.

Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген.

Натыйжада иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен отчеттук мезгилде 7 миң 106 жумушсуз жаран жумуш менен камсыз болгон. Алардын ичинен 4 миң 87си аялдар, 3 миң 744ү жаштар.

Ошондой эле жарандарды кесипке багыттоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда мындай борборлор Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барууда.

Мындан тышкары, жумушсуз жарандарды кесиптик окутууга жөнөтүү иштери уланып жатат. Быйылкы көрсөткүч боюнча 3 миң 451 жаран кесиптик окууга жиберишти.

Белгиленгендей, алар талап кылынган адистиктер боюнча окуп жатышат. Алардын арасында компьютер оператору, соода агенти, ашпоз, косметолог, чач тарач, бухгалтер, айдоочу, ширетүүчү, тигүүчү жана башка кесиптер бар.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтары убактылуу жумушка, тагыраагы 9 миң 669 жумушсуз жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүштү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media