Караколдо курулуп жаткан объекттер текшерилди

Караколдо курулуп жаткан объекттер текшерилди

6-августта, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар курулуш объекттерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, министр алгач оңдолуп жаткан Каракол шаардык тарыхый музейиндеги иштерди текшерип, андан соң эл аралык деңгээлдеги спорттук шаарчанын курулушунун жана борбордук сейил багындагы оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди курулуш ченемдерине, техникалык талаптарга жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү үчүн курулуш иштерин графикке ылайык уюштурууну милдеттендирди.

Учурда Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда жалпы аянты 12 гектарды түзгөн заманбап спорттук шаарча курулууда. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорттук интернат, эл аралык стандарттагы көп функциялуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулуп жатат.
Мындан тышкары, Каракол шаардык тарыхый музейин оңдооүстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Учурда үч корпустан турган музей имаратынын ички бөлүгү толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары заманбап талаптарга ылайык жасалууда. Объект тарыхый-маданий мурас болуп саналгандыктан, анын баштапкы архитектуралык мааниси сакталууда.

Ошондой эле министр Каракол шаарынын борбордук сейил багындагы реконструкция иштеринин соңку этабын текшерди. Жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бакта жаңы аттракциондор орнотулуп, коомдук тамактануу объектилери курулуп, жашоочулар жана шаар коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.

Иш сапардын соңунда министр Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан башкы суу алуучу курулманын, ичүүчү суу резервуарларынын жана башка инфраструктуралык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле объекттердеги курулуштун жүрүшү жана аткарылып жаткан иштер текшерилди.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media