Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган компаниялардын ээлери тендерге катыша албайт

Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган компаниялардын ээлери тендерге катыша албайт

Кыргызстанда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, алардын негизги бөлүгү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жаңы эрежелерге ылайык, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмасы үчөө гана болот: ачык тендер, баа сунуштарын суроо жана бир булактан сатып алуу.

Мыйзам коррупцияга каршы талаптарды да күчөтөт. Коррупция жана алдамчылык үчүн соттолгон компаниялар тендерлерге катыша албайт. 

Ошондой эле компаниялар өздөрүнүн чыныгы ээлери тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү болот. Жакын туугандарга байланыштуу кызыкчылыктардын кагылышына жол берилбейт.

Мамлекеттик органдар сатып алууларды үч жылга алдын ала пландап, планда жок товарларды же кызматтарды сатып ала алышпайт. Өзгөчө кырдаалдар үчүн гана өзгөчө тартип сакталат.
Мындан тышкары, сатып алуу комиссиялары тандоо аркылуу түзүлүп, алардын ишине коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер катыша алат. Эгер тендерди уткан компания келишимден баш тартса, келишим рейтингде кийинки орунду ээлеген катышуучу менен түзүлөт.

Жаңы мыйзамга ылайык, 2027-жылдан тартып тендерлерде компаниялардын ээлери, алардын байланышы, сунушталган баалар жана келишимдердин аткарылышы мурдагыдан да катуу көзөмөлдөнөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media