Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт
Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт. Бул тууралуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
"Тиешелүү келишимге кол коюлат. Бул эки өлкөнүн жарандарынын эркин жүрүү эркиндигин жана байланышын бир кыйла жеңилдетет. Бул мамлекеттер аралык санариптик күн тартибиндеги маанилүү демилгелердин бири", – деди Новиков Кыргызстан – Россия экономикалык форумунун алкагында.
Жаңы операторду түзүүгө Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жана "МВНО БКГ” ЖЧКсы тарабынан 4,2 млн доллар инвестиция салынышы күтүлүп жатат.