Маданият министрлиги жарандарды “Таш-Рабат” комплексине барбай турууга чакырат

Маданият министрлиги жарандарды “Таш-Рабат” комплексине барбай турууга чакырат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Таш-Рабат” тарыхый-архитектуралык комплексинин аймагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу жарандарга, туристтерге, туризм тармагынын өкүлдөрүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу кылды.

Учурда комплекстин аймагында 2023–2027-жылдарга карата “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында комплекстүү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты – тарыхый эстеликтин сакталышын камсыз кылуу, анын конструкцияларын бекемдөө, коопсуз пайдаланууга шарт түзүү жана келечек муундарга жеткирүү.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин калыбына келтирүү – эл аралык жана улуттук талаптарды так сактоону, кесипкөй адистердин катышуусун, ошондой эле атайын технологияларды жана материалдарды колдонууну талап кылган татаал илимий-практикалык процесс. Ушуга байланыштуу иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин улантылат.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө комплекстин аймагында курулуш техникалары, атайын жабдуулар жана жумушчу топтор иш алып барууда. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзүү максатында айрым тилкелер убактылуу тосулуп, аларга кирүүгө чектөө коюлган.
Ушуга байланыштуу Министрлик жарандарды жана туристтердиоңдоо иштеринин негизги этаптары аяктаганга чейин “Таш-Рабат”комплексине баруудан убактылуу карманууга чакырат.

Ошондой эле туристтик компаниялардан жана экскурсоводдордон туристтик маршруттарды пландоодо киргизилген чектөөлөрдү эске алуу жана туристтерге алдын ала маалымат берүүнү өтүнөт.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик