Таластык ишкерлерге жарнаманы мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча көрсөтмө берилди

Таластык ишкерлерге жарнаманы мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча көрсөтмө берилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү шаардагы тышкы жарнамаларды жайылтуучу ишкердик субъекттерге мониторинг жүргүзүп, мыйзам талаптарын бузган учурларды аныктады.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ишкерлер тышкы жарнаманы расмий тилде гана жайгаштырганы белгилүү болгон. Ушуга байланыштуу мыйзам талаптарын бузган үч ишкердик субъектке түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн 30 күндүк мөөнөт берилди.

Мониторингдин негизги максаты – ишкерлерге «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы тышкы жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилде жайгаштырылууга тийиш. Мында плакаттар, көрнөк-жарнактар, жарык такталар жана башка жарнамалык материалдар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы шарт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай түшүндүрүү жана көзөмөл иш-чаралары мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөрүн билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media