Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда.

Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен уюлдук телефондорду алып кирүүгө аракет кылгандарга айып пул салынат, товар конфискацияланышы мүмкүн, ал эми айрым учурларда мыйзамсыз аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги да каралат.

Ошондуктан жарандарга смартфон сатып алууда анын келип чыгышын жана каттоодон өткөнүн текшерип, расмий сатуучулардан гана сатып алуу сунушталууда.

Эске салсак, уюлдук түзүлүштөрдү каттоо системасы мыйзамдуу импортту камсыз кылуу менен катар рыноктогу атаандаштыкты ачык-айкын кылууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди