Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Өзгөчө түнкү убакта тынчтыкты сактоо, катуу музыка коюуга, ызы-чууга жана жарандардын тынчтыгын бузган башка аракеттерге жол бербөө зарылдыгына көңүл бурулууда.

Мындай профилактикалык иш-чаралар борбор калаанын аймагында туруктуу негизде өткөрүлүп, укук бузуулардын алдын алууга, коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылууга багытталган.

Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эскертишет.

Бишкек шаарынын ИИББы жарандарды КРнын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, тынчтыкты жана коомдук тартипти бузбоого, ошондой эле коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу талаптарын аткарууга чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media
Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр. Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын

Ишкер Media
"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media